Connect with us

Айдарова: Баткенде 32 жылдан бери таза суу ичип көргөн эмеспиз

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 260 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова парламенттин 11-январдагы жыйынында Баткен облусундагы таза суу маселесин көтөрдү.

Ал Баткендеги Ак-Татыр, Самаркандек жана башка айылдарда суу жоктугун тургундар айтып, даттанып жатышканын белгиледи.

«Жайында каналдан суу агат экен, аны тамак-ашына, кир жууганга колдонушат экен. Азыр кыш келип, каналдан да суу акпай, тазаланып, жуунганга эмес, ичкенге да суу жок деп айтып жатышат. Мен таза суу маселесин көптөн бери көтөрүп келе жатам, бюджеттен да акча бөлүнгөн, долбоор өтүптүр, бирок ушул күнгө чейин биздин аким, мэр, губернатор, айыл өкмөтү аракет кылганын эл да көрбөй жатат, мен да көрбөй жатам. Мындай маселе башка облустарда да болсо керек. Бирок биз Баткенде 32 жылдан бери таза суу ичип көргөн эмеспиз. Эч болбосо азыр 21-кылым, таза суу маселесин чечип беришсе», — деди депутат Айдарова.

2026-жылга чейин пландалган Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы ишке ашырылып жатканы маалым. Анын алкагында, Европа  реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы  тарабынан жалпы суммасы 5020,0 миң евролук долбоор  жактырылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM