Connect with us

Эквадордогу кагылышта көз жумгандардын ичинде кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 278 | 0

Эквадордогу куралдуу кагылышта каза тапкандардын ичинде кыргызстандыктар жок. Маалымат Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинен алынганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик Кыргызстандын жарандарын Эквадорго барбай турууга чакырып, өзгөчө кырдаал жаралган же суроолор пайда болгон учурда консулдуктун +996 999 31-20-02 жана элчиликтин +1 202 256 2924 номерлерине байланышып коюуну өтүнөт.

8-январга караган түндө «Лос Чонерос» («Чоне шаарынын адамдары») кылмыштуу тобун жетектеген Адольфо Макиас Вильямар (Фито) аттуу кримтөбөл Эквадордун түрмөсүнөн качып чыккан. Мындан кийин кылмыштуу топтор куралдуу көтөрүлүшкө чыгышып, Киото шаарында башаламандык жаралган.

Кылмыштуу топтор TC Television телеканалын, Гуаякил университетин басып алышып, метролордо, көчөлөрдө жай тургундарга чабуул жасашууда. Укук коргоо органдары менен кримтоптордун куралдуу кагылышынан бир нече адам курман болуп, бир канчасы жаракат алган. 

Эквадордун Президенти Даниэль Нобоа өлкөсүнө 60 күндүк өзгөчө кырдаал жарыялап, 23:00дөн 5:00гө чейин коменданттык саат киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM