Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, 9-январда кызматтан кеткен Элизабет Борндун ордуна келген Атталь Бешинчи француз республикасынын тарыхындагы эң жаш өкмөт башчысы болуп калды.
Макрон жаңы жылдын алдындагы кайрылуусунда «кайра куралдануу» программасын жарыялаган. Аны ишке ашырууда жаш премьер-министрдин энергиясына таянарын билдирди.
Франциянын жаңы премьер-министри Габриэль Атталь Макрондун жакын санаалаштарынын катарына кирет. Анын ысымы 2020-жылы өкмөттүн атынан COVID-19га байланыштуу абал боюнча маалымат бере баштаганда кеңири коомчулукка белгилүү болгон. Атталь учурда Макрон түптөгөн «Кайра жаралуу» партиясынын башкы катчысы кызматын да аркалайт.
Франциянын буга чейинки өкмөт башчысы Элизабет Борн менен кошо бардык өкмөт мүчөлөрү отставкага кетти. Алар жаңы өкмөт куралганга чейин милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турат.
Элизабет Борн Франциянын өкмөтүн 2022-жылдын май айынан бери башкарып келген.