Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда мамлекет башчынын атын жамынган шылуундар көбөйгөнүн айтып, алардан оолак болууга чакырды.
«Алар аз каражат салып кыска убакытта көп акча табуу убадаларын берип, буга мамлекет башчысы өзү кепилдик бергендей түр көрсөтүүдө. Президент Садыр Жапаров соцтармак аркылуу эч кандай сынак, же дагы бир пайда табуу иш-аракеттерине эч качан үгүттөбөй тургандыгын билдиребиз жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн бул сыяктуу жарыяларга ишенбөөгө чакырабыз», — деди ал.