Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Индияда кыргызстандык жаран асынып алган абалда табылганын билдирди.
5-январда Кыргызстандын Индиядагы элчилигине Ришикеш шаарындагы мейманканалардын биринде Кыргызстандан барган турист асынып алган абалда табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Элчилик тез арада Индиянын укук коргоо органдарына бул факты боюнча толук маалымат берүү үчүн тиешелүү суроо-талап жөнөтүп, маркумдун жакын туугандары менен байланышкан. Ришикеш полициясынын маалыматы боюнча, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Маркумдун жакындары сөөктү мекенине алып келүү өтүнүчүн билдиришкен. 8-январда маркумдун сөөгү Кыргызстанга алынып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген.