Connect with us

Ташиев: Депутат Жамгырчиевдин иши боюнча «Салимбай байбача» суракка алынды

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 598 | 0
Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиев

Башкы прокуратура депутат Эмил Жамгырчиевге «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча иш козгогондон кийин материалдарды тергөөнүн алкагында, өзбекстандык кримтөбөл экени айтылган «Салимбай байбача» (Салим Абдувалиев)  суракка алынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 10-январдагы жыйынында айтты.

Ташиев андан мурун депутат Жамгырчиев өзбекстандык крим өкүлүнөн колдоо алуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз барып келгенин билдирген.

«Биздин тергөөчүлөр Ташкентке барып «Салимбай байбачаны» суракка алдык, документтерибиз бар. Ал тастыктады, ооба деди, келген мага деди, менден жардам сураган деди. Кыргызстан тартипсиз болуп кетти, мамлекеттик чоң кызматтагы адамдарга чара көрүп бериңиз деп суранды деди. Мен Кыргызстандын ишине кийлигише албайм дедим деди. Жамгырчиев Салимбайдын жардамчысынын мейманканасында бир нече күн жатып, төлөбөй качып кетиптир. Ошол үчүн Өзбекстан депутат Жамгырчиевге эки кылмыш ишин козгоду, бири «алдамчылык», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү». Биз баарын тактап келдик», — деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу угулду. Жыйынга Башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган күч кызматкерлери катышууда.

Башкы прокуратура 27-декабрда депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жана парламентте убактылуу комиссия түзүлгөн.

Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM