Connect with us

Ташиев: Жамгырчиевге саясий куугунтук болгон жок, качпай эле койсун

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 279 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эмил Жамгырчиев Өзбекстанга мыйзамдуу барып келүүгө укугу болгонун айтты. Жолуга турган адамдары менен жолугуп, өлкөгө кайра мыйзамдуу келишине тоскоолдук болбогонун белгиледи.

«Негизинен Жамгырчиевдин артынан түшкөн деле эч ким жок. Чек араны жашыруун эмес, расмий эле өтсө, ким тоскоолдук кылмак? Өзүнө өзү кылып жатат, мыйзам бузулду, биз ага реакция кылышыбыз керек, бул болгону процедура», — деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев депутат Жамгырчиевди эч ким камай турганы ою жок экенин айтып, анын кесиптешинин иш бөлмөсү аркылуу качканын да сындады. Мыйзам бузганы үчүн материалдар сотко өткөрүлөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу угулду. Жыйынга Башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган күч кызматкерлери катышууда.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаевдин маалыматына караганда, депутат Эмил Жамгырчиев Салим Абдувалиев аттуу адам менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Кайра болжол менен 16-декабрда Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга кайтып келген. Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Жамгырчиев издөөгө алынган.

Башкы прокуратура 27-декабрда депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жана парламентте убактылуу комиссия түзүлгөн.

Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергенин белгилүү болгон. «Азаттык» жарыялаган видеодо Жамгырчиев кесиптеши Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткени айтылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM