Биз менен байланышыңыз

УКМК Көлбаевдин кирешелерин адалдаган жаранды кармады

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 149 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде 8-январда В.Р.Г. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган адам Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип келген. Ошондой эле Көлбаевге таандык болгон ири объектилердин курулушуна катышкан.

Алар: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.

Учурда УКМК тарабынан К. Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Былтыр 4-октябрда кримчөйрөсүндөгү таасирдүү киши Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүлүп, кылмыштуу топ каршылык көрсөтүп, курал колдонгон. Натыйжада Көлбаев жок кылынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM