Connect with us

Түркия президентинин Кыргызстанга сапары пландалууда

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 200 | 0

Президент Садыр Жапаров 9-январда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсү белгиленди.

Ошондой эле Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапары, эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү маселелери талкууланды.

Анкара шаарында өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны тууралуу да сөз болду.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга 8-январда расмий сапары менен келди. Анын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланып, стратегиялык пландаштыруу тобунун алтынчы биргелешкен жыйыны өттү.

Хакан Фидан Түркиянын тышкы иштер министри болуп 2023-жылы июнда дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM