Connect with us

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашык камера иштөөдө

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 260 | 0

2023-жылы видеобайкоо камераларынын жардамы менен 800дөн ашык кылмышкер кармалып, анын ичинен 100дөн ашыгы Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылып, 150гө жакын дайынсыз жоголгондордун өздүгү такталып, 200гө жакын мушташ токтотулган.

Коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулган. Өлкөдөгү бардык аймакта криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу 24 саат бою 7 күн көзөмөлгө алынат.

100дөн ашык камера адамды жүзүнөн тануучу ситемага туташтырылган. Ал эми ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ичинде, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайларында 300дөн ашык видеокамера менен көзөмөлгө алынып турат.

Учурда жергиликтүү бийлик органдар менен бирдикте дагы жүздөгөн видеокамераларды орнотуу мерчемделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM