Connect with us

«УСТА» базарында мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 228 | 0

«УСТА» курулуш материалдары базарындагы чарба жүргүзүүчү субъекттерге ылайыктуу шарттарды түзүүнүн алкагында, ижарачылардан ижара келишиминде каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча каражатын чогултуп жүргөн базардын коммерциялык директору кармалганы маалым болду.

Мындан тышкары ижара төлөмдөрүн 30%га кыскартуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, администрация кирешесинин азайышына жол бербөө жана салыктарды төлөөдөн качуунун максатында ижара келишимдерде каралбаган кошумча акча каражаттарды алууну уланткан. Ошол эле учурда базардын администрациясы жеке ижарачылар менен ижара келишимин түзгөн эмес.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 7-январда «УСТА Билдинг» ЖЧКсынын коммерциялык директору М.М.М. кармалды жана Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК соода базарлары тарабынан алдамчылык аракеттерге жана мыйзамдарды бузууга жол берилбестигин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM