Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда университеттерге кышкы кабыл алуунун II туру башталды

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 340 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 8-январда 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынакка каттоо 10-январь күнү аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январь күнү жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.

I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

I турда эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түшкөн:

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 68,

Ош мамлекеттик университети – 52,

Борбордук Азиядагы Америка университети – 27,

Президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 25,

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12,

Эл аралык медициналык университети – 12.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 2020-жылы башталган. Ага жалпы орто билими бар жарандар катыша алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM