Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Түркиянын тышкы иштер министри келет

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 189 | 0

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 8-9-январда Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкуулана турган жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.

Ошондой эле стратегиялык пландаштыруу тобунун алтынчы биргелешкен жыйынын өткөрүү пландаштырылууда.

Хакан Фидан Түркиянын тышкы иштер министри болуп 2023-жылы июнда дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM