Биз менен байланышыңыз

ГУМ соода борборунун алдындагы курулуш мыйзамдуубу?

Кыска кабар | 8 Янв 2024 | 368 | 0

Бишкектеги ГУМ соода борборунун имаратынын алдында тротуарга кошумча курулуш салынууда. Бул шаардыктардын нааразычылыгын жаратууда, жашоочулар социалдык тармактарга сүрөт, видео жарыялап жатышат.

Окурмандар «Марал» радиосунун редакциясына кайрылып, соода борбордун алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтө турган жайдагы курулуштун мыйзамдуулугун тактап берүүнү өтүнүштү. Бишкек мэриясы бул боюнча суроолорубузга жооп бере элек.

ГУМ соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык. Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу унааларды сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген деген негизде соттолгон. 11 жылга кесилип, кийин мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM