Connect with us

Кара-Сууда экинчи мамлекеттик дарыкана ачылды

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 612 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун «Курманжан Датка» филиалында «Эл аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Дарыканада өтө маанилүү дарылардын тизмесине кирген 1500дөй аталыштагы дары-дармек бар. Аны жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алууга болот.

Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун «Курманжан датка» филиалы 85 орунга ылайыкталган, консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрү бар жана 101 миң 939 жергиликтүү калкты тейлейт, анын 22 миң 859у төрөт курагындагы аялдар, 38 миң 491и өспүрүмдөр, 1917си бир жашка чейинки балдар.

Райондо 2023-жылдын 1-ноябрында биринчи мамлекеттик дарыкана ачылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM