Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болот

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 224 | 0

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрүнүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай).

Мындан тышкары, 14-январга чейин төмөнкү көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

— К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

— К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

— И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

— А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

Эки тараптуу кыймыл эки көчөдө уюштурулат:

— Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM