Биз менен байланышыңыз

Казакстанда бармак изин тапшыруу мыйзамы күчүнө кирди

Кыска кабар | 4 Янв 2024 | 161 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда январдан тарта «Манжа изи жана геномдук каттоо жөнүндө» мыйзамдын бармак изин каттоого тиешелүү жоболору күчүнө киргенин билдирди.

Он алты жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда белгиленген учурларда манжа изин каттоодон өткөрүүгө милдеттендирилди.

Манжа изин тапшыруу Казакстанда туруктуу жашоого уруксат алууда, убактылуу жашоого уруксат алууда, виза алууда, башпаанек, качкындын күбөлүгү, качкындын жол жүрүү документин алууда талап кылынат.

Манжа изин милдеттүү түрдө каттоодон өтүүдөн баш тарткандар Казакстандын чегинен чыгарылары айтылат.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Казакстанда жүргөн мекендештерге манжа изин каттоо боюнча мыйзамды сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM