Биз менен байланышыңыз

Иранда көрүстөндүн жанындагы жардыруудан 100дөн ашуун адам набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2024 | 285 | 0

Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы көрүстөндүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши набыт болуп, 170ден ашууну жарадар болгонун ирандык маалымат каражаттары кабарлашты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгына арналган салтанат өтүп жаткан. Азем учурунда эки жардыруу болгон.

Ирандын ички иштер министри Ахмад Вахиди «Хабар» каналына берген маегинде биринчи жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө, экинчиси саат 15:20 чамасында куткаруучулар окуя болгон жерге жеткенде болгонун айтты.

Кээ бир булактардын айтымында, жардыруу Сулейманинин мүрзөсүнө жакын жерде болгон, ал эми кээ бирлери ал Сахеб аз-Заман мечитинин жанынан өтүп бара жаткан кортеждин ортосунда болгонун айтышууда.

Иран бийлиги окуяны теракт деп атады.

Касем Сулеймани 2020-жылы АКШ тарабынан жасалган аба соккусунун натыйжасында Иранда каза болгон. «Аль Кудс» күчтөрүн башкарган Сулеймани Ирандын Жакынкы Чыгышка таасиринин жайылышында маанилүү роль ойногон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM