Connect with us

Трамп Колорадо штатынын чечимине каршы Жогорку сотко кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2024 | 311 | 0

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өлкөнүн Жогорку сотунан Колорадо сотунун аны бул штатта президенттикке талапкерлигин коюуга тыюу салган чечимин жокко чыгарууну өтүндү.

Колорадодон тышкары, Трампты талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин Мэн штатынын мамлекеттик катчысы кабыл алган. Экс-президенттин адвокаттары жергиликтүү сотко аппеляциялык арыз менен кайрылышкан.

Мэн штатынын мамлекеттик катчысы Шанна Беллоус жана Колорадо Жогорку соту өз чечимдерин АКШнын Конституциясына «көтөрүлүшкө же козголоңго катышкандарга» федералдык кызматта иштөөгө тыюу салган 14-түзөтүүгө негиздешкен.

20-декабрда АКШнын Колорадо штатынын Жогорку соту Дональд Трампты АКШнын президенттигине талапкер катары шайлоодон четтетти жана анын ысымын штаттын шайлоо бюллетенине киргизүүгө тыюу салган.

Сот мындай чечимин Трамптын 2021-жылдын 6-январындагы окуяга катыштыгы менен негиздеди. Анда анын тарапташтары Жо Байден жеңишке жеткен шайлоонун жыйынтыгын тастыктоону үзгүлтүккө учуратуу максатында Конгресстин имаратына чабуул жасашкан.

Буга чейин эки штатта Дональд Трампты шайлоодон четтетүү аракети жергиликтүү соттор тарабынан четке кагылган. Колорадо штатынын сотунун чечимин өлкөнүн Жогорку соту жокко чыгарбаса, Трамптын башка штаттардагы каршылаштары анын ысымын шайлоо бюллетенине киргизбөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Дональд Трампка каршы ушундай эле доо арызды Мичиган штатынын Жогорку соту да карап жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM