Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Япониянын Императоруна жана Премьер-министрине жер титирөөнүн кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар , Саясат | 3 Янв 2024 | 1802 | 0

Президент Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухитого жана Премьер-министри Фумио Кисидага жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Болуп өткөн жер титирөөдөн улам көптөгөн курмандыктарга алып келген кыйроолор жана андан жабыр тарткан жарандар жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы япон элине чын жүрөктөн чыккан тилектештик жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм. Каза болгондордун туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Бул апааттан жабыр тарткандардын бардыгынын тез сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Copyright © 2017 Maral FM