Биз менен байланышыңыз

30-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 127 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-1, күндүз -3…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз -5…0,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…0, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-3, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-12, күндүз -8…-13.

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы -4…-2, күндүз -1…+1 градус болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM