Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мүлк агенттигинин жетекчи орун басары кармалды

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 184 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Канат Рыскулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. кармалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Канат Рыскулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп быйыл июнь айында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM