Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 613 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.

Күңдүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз  айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +1…+3 жылуу, күндүзгү жогорку температурасы +8…+10 жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM