Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы сегиз көчө бир тараптуу болот

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 149 | 0

Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү бир тараптуу болду. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти кабарлады.

Учурда аталган көчөлөргө жол белгилери орнотулуп, сызыктар түшүрүлүүдө. Мекеме бул өзгөртүүлөр жол тармагынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталганын билдирет.

2024-жылдын 14-январына чейин сегиз көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

— Ж.Турусбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

— Т.Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

— К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

— К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

— И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);

— А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);

— Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);

— А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

Эки тараптуу кыймыл эки көчөдө уюштурулат:

— Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM