Биз менен байланышыңыз

ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн 11 муздаткыч камера берди

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 195 | 0

БУУнун ЮНИСЕФ фонду декабрь айында Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн 11 муздаткыч камера берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабдуулардын жалпы баасы 35 млн сомдон ашат. Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат. Министрлик ар бир аймактын өзгөчө муктаждыктары эске алынып, тандалганын билдирди.

Имараттарда көпчүлүк вакциналарды жана дары-дармектерди туура сактоо үчүн зарыл болгон +2ден +8ге чейин туруктуу температура сакталат. Жабдуулар бардык катаал стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыздоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан алдын ала квалификациядан өткөн.

Бардык камералар 2024-жылдын февралына чейин орнотулат. Муздаткыч камералар вакциналардын ай сайын берилишин камсыз кылууда, алардын субнационалдык деңгээлде жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM