Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалал-Абадда теракт уюштурууга шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 28 Дек 2023 | 174 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, 25-декабрда Жалал-Абад шаарынын аймагында «Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан» эл аралык террористтик уюмунун жашы жете элек мүчөлөрү 2007-жылы туулган Р.М.Р. жана У.М.Т. кармалган.

Бул балдар интернет аркылуу уюмга кошулуп, чет элдик эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан, ошондой эле Жалал-Абаддагы Успение Пресвятой Богородицы чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан.

«Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун далилдери, террордук уюмдун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле «Ислам мамлекети – Вилаят Хорасандын» жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган», — деп айтылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө (Террордук акт) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилди. Алардын Кыргызстандын аймагындагы кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM