Биз менен байланышыңыз

«Аскер курулуш» ишканасынын жетекчиси жана эки кызматкер кармалды

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 197 | 0

«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Коргоо министрилигинин жана «Аскер курулуш» ишканасынын кызматкерлери алдын ала сүйлөшүп, Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын демонтаждоодо аткарылган иштердин наркын жогорулатып көрсөтүшкөн. Натыйжада мамлекетке 3 млн 362 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козгогон.

Чогултулган далилдердин негизинде, 26-декабрда кылмышка шектүү катары «Аскер курулуш» ишканасынын директору С.Ж., ишкананын куруучусу Т.А. жана башкы энергетиги Н.Н. камакка алынды.

Ошондой эле, Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин жетекчилиги «T.К.» өндүрүш ишканасынын кызматкерлери менен сүйлөшүп, аскер бөлүктүн 12 анык мөөнөттүү аскер кызматкерин 45 күн мыйзамсыз томат заводунда иштетишип, 760 миң сом акча каражатын алышкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (адамдарды соодалоо) менен иш козголуп, аскер бөлүктүн командири У.Т., ыкчам бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы Р.К. жана «T.K.» жеке ишканасынын коопсуздук иштери боюнча жетекчиси У.И. камакка алынган.

Учурда кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM