Биз менен байланышыңыз

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 192 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырды.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон ашуулар:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-115 чакырымдары.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM