Биз менен байланышыңыз

28-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 153 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан клеген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +10…+15,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -10…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…0, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM