Биз менен байланышыңыз

Шаардык кеңеш Бишкекте жол кирени көтөрүүнү колдоду

Кыска кабар | 27 Дек 2023 | 217 | 0

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 27-декабрдагы отурумунда коомдук транспортко жол кирени кымбаттатуу мыйзам долбоорун колдоп берди.

Мыйзам 15-январдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, автобус-троллейбустарга жол кире накталай төлөм аркылуу 20 сом, «Тулпар» картасы аркылуу 17 сом, MegaPay электрондук капчыгы аркылуу 11 сом болот.

Ошол эле учурда жеке менчик маршруттук бустар 20 сомдон каттай баштайт.

Учурда Бишкек шаарында автобус-троллейбустар 11 сомдон, маршруттук бустар 15 сомдон жол кире алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM