Кыргызстанда 18-декабрдан 24-декабрга чейин дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук вирусу жана сасык тумоонун 16 миң 223 учур катталды.
Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Өткөн жумага салыштырмалуу 40,2 пайызга өсүү байкалган. Бейтаптардын 65,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар.
Сасык тумоо менен ооругандардын арасында оор учурлар жок. Кайрылгандар көбүнчө үйдө дарыланууга жиберилүүдө.
Дарыгерлер курч респиратордук вирустук инфекция, сасык тумоо күчөп турганда балдардын жаңы жылдык балатыларын өткөрүүдө, корпоративдик иш-чараларда этият болууга чакырат.