Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 165 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Бакыт Төрөбаевди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Буга чейин Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 25-декабрда айыл чарба министри кайра түзүлүп, Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Айыл чарба министри кызматын 2021-жылдын 13-октябрынан бери аркалап келген Аскарбек Жаныбеков президенттин жарлыгы менен кызматтан алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM