Биз менен байланышыңыз

Быйыл 75 студент президенттик стипендия алды

Кыска кабар | 23 Дек 2023 | 163 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Быйыл Кыргызстандын бардык университеттеринен 75 студент президенттик стипендияга ээ болду.

Президент сөз сүйлөп жатып, 5 алдынкы университет уюштуруучулук, каржылык, академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө макамга ээ болгонун айтты. Учурда бул университеттер инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айлануу үстүндө иш-аракеттерди алып барууда.

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштурулганын жана аны быйыл 17 студент алганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM