Мамлекеттик салык кызматы Чүй облусунда болгон рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мунайзаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу фактыларын аныкталганын кабарлады.
Тактап айтканда, Токмок шаарында 4,5 тоннадан ашык эсепке алынбаган күйүүчү май менен транспорт каражаттары кармалган.
Продукция тартып алынып, унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.
Салык кызматы мунайзаттарды мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштерди улантууда.