Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 22-декабрда белгилүү болду.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматын 2023-жылдын майынан сентябрына чейин Алтынбек Жумаев аркалады. Андан кийин элчинин милдеттерин Атай Наматбаев убактылуу аткарып келген.
2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. 2022-жылдын 5-августунда азыркы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ишинен бошотулган. Президенттин администрациясы мунун себебин кызматтык милдеттерин так аткара албаганы менен түшүндүргөн.
Азимбек Бекназаров азыр «Кемпир-Абад» иши боюнча абакта.
Жаңы элчи Анвар Анарбаев Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин директору болуп иштеген.