Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбековду кызматынан бошоткон. Андан бери бул кызмат бош турган.
Жаңы элчи Марат Нуралиев 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болуп иштеген.
Qatar Charity кайрымдуулук фондунун жетекчисинин орун басары болгон.