Биз менен байланышыңыз

Сот департаментине 47 автоунаа тапшырылды

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 183 | 0

Жогорку соттун алдындагы Сот департаментине 47 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, эки жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсе өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3,5 млрд сом болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтуусунда, биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Ага мамлекеттик бюджеттен 92,1 млн сом жумшалды.

Санариптештирүүнүн алкагында соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана эсепке алуу системасы киргизилген. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM