Connect with us

Акылбек Жапаров Европарламенттин депутаты менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Дек 2023 | 283 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан – Европа Биримдиги» парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, депутат Томас Здеховский баштаган Европарламенттин депутаттары менен жолукту.

“Биз Европа Биримдиги менен эки тараптуу жана аймактар аралык көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенебиз, бул биз үчүн маанилүү”, — деди Жапаров.

Быйыл июль айында Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу өткөн. Жыйынтыгында орто мөөнөттүү мезгилге көп пландуу аймактар аралык кызматташуунун негизги багыттарын чагылдырган кызматташтыкты тереңдетүү боюнча Жол картасы иштелип чыкты.

Европарламенттин депутаты Томас Здеховский өлкөнүн жарандык коомду өнүктүрүүдө, эркиндиктерди жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда, экономикалык жана санариптештирүү реформаларын жүргүзүүдөгү ийгиликтерин белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө умтулаарын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM