Биз менен байланышыңыз

Иран кыргызстандыктар үчүн визаны жокко чыгарды

Кыска кабар | 18 Дек 2023 | 226 | 0

Иран бийлиги 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды.

IRNA агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын чечими бир тараптуу кабыл алынган жана туристтердин санын көбөйтүүгө, дүйнө өлкөлөрүнөн келген зыяратчыларды тартууга багытталган.

Тегеран туризмди өнүктүрүү аракеттери иранофобиялык кампанияларды зыянсыздандырат деп үмүттөнөт.

Иран визаны жокко чыгарган 33 өлкөнүн ичинде Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь жана Орусия бар.

Быйылкы жылдын башынан бери Иранга барган чет элдик туристтердин саны 4,4 миллион адамга жеткен. Бул 2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик бир жарым эсе көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM