Биз менен байланышыңыз

Сауд өнүктүрүү фонду Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоого 30 млн доллар насыя берет

Кыска кабар | 13 Дек 2023 | 203 | 0

Президент Садыр Жапаров «Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандан ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн АКШ доллары (112 500 000 сауд риалы) өлчөмүндө бере турган кредиттик макулдашууну ратификациялайт.

Акча каражаты «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоорун каржылоого багытталат.

Эки тараптуу келишимге Бишкекте быйыл 24-апрелде кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM