Биз менен байланышыңыз

Соодагерлерди тукуруп аткан күчтөр бар экени чындыкка дал келеби?

Коом , Экономика | 5 Дек 2023 | 765 | 0

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Акылбек Жапаров маалымат ишинин жетишсиздигинен кабыл алган салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын билдирди. Анын айтымында, белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен пайдаланып, соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө. Жапаров соодагерлерди ашыкча түйшүктөн арылтуу үчүн эки жуманын ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын иштетүүнү мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Соодагерлерди тукуруп аткан күчтөрдүн бар экени канчалык ишенимдүү? Алардын таасири канчалык? Өкмөт бизнес жаатындагы бул саясатты өзгөртүш керекпи? 

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, менчик ээлеринин, соода кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү менен жооптуу мамлекеттик органдардын жыйыны өттү.

Жапаров чакан чекене соодагерлердин басымдуу бөлүгү үчүн мамлекет жетекчилигинин чечими менен алар үчүн патент гана жокко чыгарылбастан, башка бир катар жеңилдиктер каралганын билдирди.

Анын айтымында, чакан азык-түлүк дүкөндөрүн иштеткен, базарларда майда соода менен алектенген үй-бүлөлөр ар кандай салык төлөөдөн толугу менен бошотулган, анткени алардын товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпейт.

Мындан тышкары ал белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен пайдаланып, соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатканын айтты.

Экономист Төлөнбек Абдыров өлкөдө санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштерди колдорун айтты.

Ал учурда бизнес чөйрөсүндө ар кандай электрондук кызматтардын ишке кирип жатканын туура деп эсептейт.

Абдыров санариптешүүнүн негизинде көмүскө экономикада болуп жатканын иштердин баары ачыкка чыгарын белгиледи.

«Санариптешүү багытына түшүп, ар кандай электрондук кагаздарды жүгүртүү, эттн, эсеп фактураларды киргизүү бул тууралуу жол. ККМди киргизүү эң чоң муктаждык. Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө 150 миңдей ККМ керек. Ал аркылуу түшүнүксүз, сапатыз товарлардын каяктан келип жатканы белгилүү болот. Ошондой эле мындай товарлардын азайышына, сатылышына бөгөт койсо болот. Мамлекет ишкерлер үчүн шарттарды түзүп берүүдө. Ал эми ишкерлер мамлекетке салык төлөөгө милдеттүү. Аларга жол, жер, свет, суу берип жатат да мамлекет. Ишкерлер да түшүнүү менен мамиле кылыш керек. Мамлекет айткандарын кылып жатат. Эмнеге каршы болушса, жеңилдетип беришүүдө».

Президент Садыр Жапаров да базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер Кабинетинин чечими туурабы же базарда олтурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болорун айткан.

Дагы бир экономист Эрлан Камалов бул жерде эч кандай үчүнчү күчтөрдүн кызыкчылыгы жок деген ойдо.

Айтуусунда, базарлардагы соодагерлердин нааразылык акцияга чыгышына өкмөттүн бул багытта маалыматы, түшүндүрүү иштери жетишсиз болуп жаткандыгын жүйөө келтирди.

Ошондой эле ал соодаргерлерге тандоо укугун берүү керектигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын базарларында болуп жаткан нааразылык акциялары түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй калгандыгынын натыйжасы болушу мүмкүн. Үчүнчү күчтөр деген нерсеге көп деле ишенбейм. Болушу да мүмкүн. Негизи мындай жаңы ыкмаларды киргизүү мезгилдин талабы. Эл азыр телевизор көрбөйт, радио уккандар да аз. Тиешелүү органдар атайын түшүндүрүү боюнча видеолорду тартып, элге социалдык тармактар аркылуу жайылтуу керек. Бирок бул жаңы кызматтар ишке киргенден кийин, текшерүүлөр боюнча каникул берилиш керек. Аларды киргизип эле, артынан катуу текшерип баштаган туура эмес».

Ал эми саясатчы Нурсултан Акылбектин айтымында, өкмөт чоң деңгээлдеги күч структуралары жана текшере турган кызматтары бар өлкөдөгү жалгыз орган.

Ал өкмөт эгер үчүнчү күчтөрдү жүйөө келтирип жатса, аныктап, далилдеп бериш керектигин белгиледи.

Ошондой эле саясатчы өкмөттүн бул маалыматы чындыкка дал келбейт деген пикирде.

«Бүгүнкү күндө өлкөнүн базарларында митингдер болуп жатат. Эми өкмөт үчүнчү күчтөр ошентип жатат дегенден кийин үчүнчү күчтү көрсөтүп бериш керек. Алар ким, ким уюштуруп жатат? Далили жок сүйлөгөн туура эмес. Эгер андай күчтөр бар болсо, укук коргоо органдары көрсөтүш керек. Азырынча бул боюнча далилди көрө элекмин. Ошондуктан ишенгенден алысмын. Өкмөт тараптан эл менен жакшы иштешпегендиктен, эл жакшы түшүнбөгөндүктөн ушундай кырдаал жаралууда».

Бүгүн «Дордой-моторс» базарында иштеген соодагерлер кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылган акция өткөрүшкөн.

Ушундай эле талап менен өлкөдөгү ири базардын ишкерлери өткөн жумадан бери нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат.

Мамлекеттик салык кызматы жаңы жылдан тарта патент системасы жоюларын жана «Дордой» менен «Кара-Суу» базарына өзгөчө салык режими киргизилерин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM