Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы атайын эсептегичтеги маалыматтар учурда 1 триллион 21 миллиард сомдон ашып, дагы да өсүп жатат.
Мындай маалымат министрлер кабиненин сайтына жарыяланды.
23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ИДП өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу 1 триллион сомдун чегинен өтөөрүн билдирген.
«2023-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1900 долларды түздү. Былтыр 1665 доллар болчу, салыштырганда акыркы 3 жылда 669 долларга өстү. Ошол эле 2010-2020-жылдарды алсак, 10 жыл аралыгында алсак өсүү 311 долларды түзгөн» , — деп белгилеген Акылбек Жапаров.
Жапаровдун айтымында, «бул жетишкендиктер келечекте коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт жана калктын реалдуу турмуш деңгээлин олуттуу жогорулата турган мындан да чоң өсүштөрдү көрсөтөт».