Connect with us

«Элден сунуш көп келүүдө». Мамлекеттик герб менен гимн да өзгөрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 28 Ноя 2023 | 378 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев мамлекеттик символдор учурдун талабына ылайык өзгөрүп турушу керек деген пикирде.

«Мисалы, бүгункү күндө бизде пахта өсөт, эртең өспөй калса, гербди өзгөртүүгө туура келет, учурдун талабына ылайык, өзгөртүп турган туура», — деди Азыгалиев.

Депутат Улан Примов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 28-ноябрдагы жыйынында айткандай, мамлекеттик герб менен гимнди да өзгөртүү тууралуу элден көп сунуш келүүдө.

«Ачыгын айтуу керек, эл тарабынан керек болсо мамлекеттик гимнди да өзгөртүү боюнча көп сунуштар келди. Герб боюнча туура эмес тартылган деп айтып жатышат», — деди Примов.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Кыргызстандын эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер — мамлекеттик туу, герб жана гимн.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп, кызыл түстөгү туу (авторлору — С. Иптаров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков), ошол эле жылы 18-декабрда мамлекеттик гимн (авторлору — Ж. Садыков, Ш. Кулуев, К. Молодобасанов, Н. Давлесов), 1994-жылы 14-январда мамлекеттик герб (авторлору — А. Абдраев, С. Дубанаев) кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM