Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн отчету: Криминал менен күрөштөн түшкөн акчалардын эсеби айтылды

Коом , Экономика | 23 Ноя 2023 | 649 | 0

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү мамлекеттик бюджеттин былтыр кандай аткарылганы жана алдыдагы жылдарга карата пландалышы тууралуу отчет берди. Анда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу качан башталаары, кримчөйрө менен болгон күрөштөн түшкөн каражат каяка кетип жатканы жана башка маалыматтар айтылды. 

Ошондой эле 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын ИДПсы 419,3 миллиард сомго өскөн, ал эми акыркы үч жылда, 2021-2023-жылдары өсүш 439 миллиард сомду түзгөн.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы иштей баштагандан бери Министрлер кабинети тарабынан 359 мыйзам долбоору кирсе, 280ни колдоо тапкан. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттар тарабынан 132 мыйзам долбоору демилгеленген, жалпы алганда президт Садыр Жапаров 275 мыйзамга кол койгон. Аны менен катар 84 эл аралык конвенция ратификацияланган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу иштери 2024-жылы башталат.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Кытай тарап Казарманга чейинки темир жолду курууну өз жоопкерчилигине алган, калган бөлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстан чогу курат.

«Азыр техникалык-экономикалык негиздемесинин актуализациясы жыйынтыкталып калды. 2024-жылдан баштап курулуш иштерин баштоону пландап жатабыз. Геосаясат өзгөрүп, альянстар башкача болуп бир топ тоскоолдукту жаратууда. Бизге, Өзбекстанга бул жол керек, ал эми Кытайга “курса болот, болбойт” деп, жаныбызда жүргөн достор эле жүгүрүп бара калууда. Казарманга чейин Кытай өз каражаты менен кура турган болду, азыркы учурда куруп келе жатат. Азыркы учурда Өзбекстан менен каржылоо булактарын издеп жатабыз, ушул кышта аныктап бүтсөк эле, эмики жылы курулуш иштери башталат».   

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда ШКУ саммитинин алкагында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт. Бул жол менен Кыргызстан Европага чыгууну көздөйт. Ошондой эле өлкөнүн экономикасына чоң салым болуп, жумушчу орундар түзүлүп, ишкерлер үчүн жаңы жол ачымак дейт адистер.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук малекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кримчөйрө менен күрөшүүдөн түшкөн каражат тууралуу маалымат берди.

«Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү алкагында 1 млрд 200 млн доллардан ашык акчалай жана мүлк түрүндө мамлекетке өткөрүп берип жатабыз. «Күрмөнтү» цемент заводу кылмыштуу топтордун колунан алынды. «Ай-Пери» деген чоң бизнес борбор бар, сулуулук салону болуп калган, ал жер да бандиттердин колунан алынды. Аны да 20-25 млн долларга баалап, сатып жатышат. Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводу жана башка имараттарда алардын үлүштөрү болгон. Азыр баарын мамлекетке алып жатабыз. Кечээ эле Камчы Көлбаевдин 10 млн долларлык каражатын таап чыктык, нак акча түрүндө өткөрүп беришти»-, деди Ташиев.

Ал кылмыштуу топтордон өндүрүлгөн каражат УКМКнын депозиттик эсебине түшүп, андан ары президенттин фондуна же мамлекеттик бюджеке которуларын айтты. Мүлктөр болсо мамлекеттик мүлк фонду аркылуу өкмөткө түшүп, андан ары иштетүү жагы каралат. Буга чейин криминалдык чөйрөнүн анабашы делген Камчы Көлбаевдин байлыктары жарыяланып, мамлекетке өткөн. Анда ага караштуу брондолгон унаалар, люкс тибиндеги батирлер жана накталак акча жана башка баалуу буюмдар болгон.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү тарабынан “Кумтөр Гол Компани” ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк боюнча да маселе көтөрүлдү. Эл өкүлү Улугбек Ормонов социалдык тарматкарда Тенгиз Бөлтүрүк боюнча кызуу талкууланып жатканы, бул боюнча так маалымат берүү керектигин айтты.

Ага Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Ургазиева мындай жооп берди:

“800 миң сом Тенгиз Бөлтүрүктүн жасаган кылымышынын жазасы болуп эсептелди. Ошол беренеде көрсөтүлгөн максималдуу көрсөткүч менен чектелди. Ал эми зыян боюнча алдын ала тергөө боюнча 880 миллон аныкталып, 862 миллону ордуна коюлган. Азыркы учурда массалык маалымат каражаттарында бираз туура эмес маалымат кетип жатат. Ал жасаган кылмышы үчүн жазасын алды. Ал эми Теңиз Бөлтүрүккө аукциондорду, тендерлерди өткөрүүдө мыйзам бузуу беренеси менен айып угузулган. Анда жаза 50 миңден 100 миңге чейин айып көрсөтүлгөн”. 

Бөлтүрүк 2022-жылы сентябрда кармалган. Анда Кумтөрдү башкарып жатканда 1,1 миллиард сом зыян келтиргени айтылган. Аны ушул жылдын апрел айында Бишкектин Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ошондой эле президенттин демилгеси менен тышкы карызды жашыл долбоорлорго сунушталып жаткандыгын, анын натыйжасы канчалык болуп жаткандыгы тууралуу да маалымат айтылды. Акылбек Жапаров азыркы учурда Германия менен келшимге жетишилгенин, Франция менен каралып жатканын айтты.

“Германия менен 14 миллион еврого келишимге кол койдук, өткөндө президент Садыр Жапаров Франциянын президенти менен жолукканда да бул маселеге токтолгон. Алар да бул маселени колдоорун билдиришти. Ушул эки чоң өлкө колдоп бере турган болсо Евробиримдиктин алкагында чон жетишкендик болот. Азыркы учурда Бүткүл дүйнөлүк банкта, ABSте жана башка жерлерде ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында Дубайда боло турчу COP28 Дүйнөлүк Климат Саммитинде да биздин эң маанилүү кайрылуубуз ушул боюнча болот”.

Жыйында өлкөдөгү жумушсуздук, мектептердеги акча чогултуу жана бала бакчадагы балдардын тамактануусуна ата-энелерден акча чогултуу, региондогу көйгөйлөрү талкууланды. Ошондой эле этникалык кыргыздардын Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатышкандыгы тууралуу маслелер көтөрүлдү. Жыйын соңунда аталаган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM