2024-жылдын 1-январынан тарта өзгөчө салыктык система күчүнө кирет. Токтомдун 461-беренеси өлкөдөгү эң ири “Дордой” жана “Кара-Суу” базарына салыктын өзгөчө түрү каралаган. Анда базардагы ишкерлер ККМ чек берүүдөн бошотулат, бирок салык кызматы менен ар бири жеке келишим түзүп, жылдык кирешесин көрсөтүүсү керек. Ал эми салык ишкердин жүгүртөөдөгү акчасынын көлөмүнө жараша чегерилет. Базардагы ишкерлер бул маселени бир тарабынан жакшы экенин айтышса, экинчи жагынан ишкерлерге кыйынчылык жаратаарын айтышууда. Бул өзгөчө салык режими ишкерлерге кандай кыйынчылык жаратат, кандай пайдалуу жактары бар?
22-ноябрь күнү “Дордой” базарынын кесиптик кошууну менен салык кызматынын өкүлдөрү ишкерлерге 2024-жылын 1-январынан тартып күчүнө кирип жаткан жаңы салык тартиптерин түшүндүрдү. Жолугушуу “Дордойдун” ичиндеги “Мурас спорт”, “Алтын-Тоо”, “Чыгыш” өңдүү базарлардын соодагерлери үчүн өз-өзүнчө жүрдү. Айрым соодагерлер киргизилип жаткан жаңы салык режимине каршы.
Өзгөчө салык режимине ылайык стратегиялык объекттин ичиндеги соодагерлердин баары өзгөчө салык төлөшөт. Алсак араба менен жылып товар саткан соодагерлерден тартып, контейнер иштеткен ишкерлерге чейин тиешелүү. Бул салыктын түрү өлкөдөгү эң чоң базар делген Бишкектеги «Дордой» жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кара-Суу» базарларына гана тиешелүү.
Көп жылдан бери тигүү тармагында «Дордойдо» иштеп келген Диля Дүйшөбаеванын пикиринде бул салыктын түрү ишкерлер үчүн оң жана терс жактары бар. Ошондой эле айрым жагдайларды салык кызматкерлери өздөрү да толук түшүндүрүп бере албай жатканын айтат.
«Бул салыктын түрүндө «Дордойдогулар» ККМ чек берүүдөн бошотулат экен. Бир жылда 4 миллон сомго чейин кирешең болсо, 18 миң сом төлөйсүң. Бирок бизди түйшөлткөн жагы да көп болуп жатат. Бул контейнерлерге берилген лицензия экен, биз өзүнчө ЖИ (жеке ишкер) деп ачышыбыз керек экен. Соодагерлердин контейнерден башка дагы ЖИ, ЖЧКларыбыз бар, анда чыгарган товарларыбызга да башка салык төлөп калат экенбиз. Иштин жүрүүсүн татаалдаштырып коюп жатышат. Мисалы биз кездемени “Мадинадан” алсак, ал жактан эсеп-фактурасын кошо алышыбыз керек. Анан кампада канча товар бар, канчасы сатылганын баарын көрсөтөсүңөр деп жатышат. Эгерде сен товарды карызга (подреализации) берген болсоң, ал акчаң качан келет, аны билбейсиң. Бирок, ага да салык төлөйсүң. Мен муну аябай туура эмес деп айтам. Себеби, булар ар бир кампага барып товарларды текшерет экен. Текшергени туура эмес болуп калат. Анткени, ишкерлер азыраак төлөө үчүн товарларын бекитип, коррупцияга барышы мүмкүн. Ошол жагы туура эмес. Анан, “Мадина” базарына барып ЭТТН алганыбыз туура эмес. Анткени, биз алардан документ талап кылсак, товардын баасы кымбаттайт. Кездеме, фурнитура кымбаттайт, өндүргөн кийимдерибиздин баасы кымбат чыгат. Натыйжада биздин кийимдерди кымбат сатышка туура келет. Биз Түркиядан болобу, Кытайдан болобу, товар алсак, документ талап кылышыбыз керек экен. Ошону көрсөтүп, салык ошону менен төлөнөт деп түшүндүрдү. Экспортко товар чыгарып жатканда биз ошол документтерсиз кетире албайт экенбиз, ошол документибиз колубузда болушу зарыл. Бул ишкер үчүн аябай татаал, бюрократия болуп кетет».
Азыркы учурда базарларда соода солгундап турганын, дүңүнөн товар алган чет өлкөлүк кардарлар Өзбекстан, Кытайга ооп жатканын ишкерлер айтышууда. Анын бирден-бир себеби Кыргызстандан чыккан товарлардын баасы кымбатаганын жүйө келтиришүүдө.
Салыктын өзгөчө түрүн өлкөдөгү эң чоң базар делген Бишкектеги «Дордой» жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кара-Суу» базарларына гана тиешелүү. Алар стратегиялык объект катары кирген, 2024-жылдын 1-январынан тарта аталган базарларда соода ишине патент берүү жоюлат. Ошол эле маалда ККМ чек берүү да милдеттүү эместигин Салык кызматынын Атайын салык режимин көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Бек Мамадалиев айтты.
«Өзгөчө салык төлөө режиминин өзгөчөлүгү, салык төлөөчүлөр өздөрүнүн кирешесинин көлөмүнө жараша салык органына өздөрү арыз менен кайрылат. Азыр биздин базарда жүргөн кызматкерлер кайсы субъектинин бир жылдык кирешеси канча болот, ошол боюнча арыздарын кабыл алып иштеп жүрөт. Арыз алганда, кирешеси канча болот, ошого жараша салыгы чыгат. Мунун артыкчылыгы базарда иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык аппараттан бошотулат. Ошону менен катар, сактала турган талап, мисалы ошол базардын ичинде бири-бири менен соода жүргүзсө, анда электрондук эсеп-фактура дагы колдонулбайт. Эгерде ал экспорт кылса же дүңүнөн сыртка сатса, анда электрондук эсеп-фактура жазышы керек. Анткени, андан дүңүнөн алган субъект товарды андан ары сатышы мүмкүн. Ал ошол максатта алат да. Ошондуктан, кимден, канчадан алгандыгы тууралуу товардын тарыхы болушу керек. Анын баары электрондук коштомо кагазында көргөзүлөт. Ушунун баарын так алып жүрүшү керек. Мындай тартип соода тартибинде иштегендерге гана жайылтылат. Бул режимдин тамак-аш саткан, акча алмаштырган же кызмат көрсөткөн өңдүү ишкерлерге тиешеси жок».
Токтомдун 461-беренесине ылайык бир соода жайынын жылдык кирешесине жараша салык төлөнөт. Анда 4 миллион сомго чейин жылдык киреше тапкан ишкер жылына 18 мин сом төлөсө, 8 миллон сомго чейин киреше тапкан соодагер 42 миң сом төлөйт. Ал эми жылдык кирешеси 200 миллон сомго чейин болгон ишкерлер бир миллион сом төлөшөт. Ишкер салыкты ай сайын бөлүп төлөсө да болот же бир жылдыкын бир убакытта төлөп койсо да болот. Бөлүп төлөгөн учурда айдын башында төлөөсү зарыл, эгер көрсөтүлгөн убакытта төлөбөсө туум кошулат.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бул салыктын түрү ишкерлер үчүн кыйынчылык жаратаарын, соодагерлер иштебей туран учурда аларга салык салуу туура эмес экенин айтты.
«Патентти соода чөйрөсүнөн алып салып жатасыңар. Мисалы «Дордой» базарынан алып салып, өзгөчө салык төлөө режимин киргизгени жатасыңар. Бардык эле өлкөлөрдө ишкердин тапкан кирешесине жараша салык төлөйт. Мага «Дордойдогулар» айтып жатат «болжолдуу түрдө айына 100 миң сомдон төлөп калат экенбиз, а биз кээ бир айларда таппай калабыз» деп жатат. А ишкер иштебей калаган учур да, таппай калган мезгилде да аласыңарбы? Биз Өкмөт, Жогорку Кеңеш, бийлик биз эл үчүн иштейбиз. А январь-февпаль айларында иштебей отурса да, үй-бүлөсүн багып отурган акыркы акчасын кантип аласың? Биз бул жагын карашыбыз керек, эгер карабасак чыңалууга алып келебиз».
Өкмөт жарыялаган жоюлуучу патенттер тизмеги ишкердиктин 12 түрүн камтыйт. Алар 1-январга чейин салык төлөөнүн жалпы же бирдиктүү режимдерине өтүшү керек. Жыл соңуна чейин патент менен иштеген ишкерлер катталган аймагындагы салык органдарына арыз менен кайрылууга тийиш. Салык кызматы учурда соода иши менен алектенген ишкерлерге жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок ишкерлер Салык кызматынан түшүндүрүүгө келген кызматкерлери ишкерлерге жакшы түшүндүрүп бере албай, суроолоруна толук жооп ала албай жатышканын да айтышууда.