Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мүлктөр натыйжалуу башкарылып жатабы?

Экономика | 22 Ноя 2023 | 479 | 0

10 айда мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше 20,5 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди. Муну менен катар ал бул убакта канча мамлекеттик мүлк сатылганы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары Машиев Жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди. Мамлекеттик агенттик 10 айда дагы кандай иштерди аткарды?

Бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги 10 айда жасаган иштери тууралуу маалымат берди.

Агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев мекеме тарабынан мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча натыйжалуу иштердин жыйынтыгында бюджетке түшүүлөр боюнча тарыхый көрсөткүчкө жетишкенин билдирди.

Анын айтымында, 10 айда мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше 20,5 млрд сомдон ашты.

«Мамлекеттик агенттиктин негизги максаты болуп – бул мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу. Негизги багыт республикалык бюджетке каражаттардын түшүүсүн камсыз кылат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн киреше 20 млрд 536 млн сомду түздү, анын ичинде дивиденттерлен – 16 млрд 770,1 млн сом, мамлекеттик ишканалардын кирешесинен — 201,2 млн сом, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн – 142,3 млн сом, менчиктештирүүдөн – 2 млрд 68,2 млн сом, финансылык эмес активдердин эсебинен акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер — 1 млрд 335,5 млн сом жана башка кирешелер – 11,2 млн сом. Бул бүгүнкү күндөгү  көрсөткүчтөр болуп саналат».

Аталган мекеменин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, сөз курулуш иштери 2027-жылга белгиленген бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат.

«Агенттиктин дагы бир багыттарынын бири мамлекетке мүлктөрдү кабыл алуу. Биз Көлбаевдики же башка бирөөнүкү деп бөлбөйбүз. Жыйынтыгында айттым 2023-жылдын 10 айында 38 жер тилке жана үй, 356 унаа мамлекеттин пайдасына өттү. Мүмкүн анын ичинде ошолордуку да бардыр. Бизде жыл бою өз ыктыяры менен мамлекетке арыздар келип турат».

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жетекчисинин орун басары Элдана Сатарова бул көрсөткүчтөр быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы экенин белгиледи.

Ал жылдын аягында чейин бул сандар дагы өзгөрөрүн айтты.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө өлкөдө 60 мамлекеттик ишкана бар экенин кошумчалады.

«Жогоруда аталган сандар 10 айдын гана жыйынтыгы. Жылдын аягында бул маалыматтар өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк мамлекеттик ишканалар мамлекеттик кызматтарды, тапшырмаларды аткарат. Мисалы өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы ишканалар коммерциялык эмес кызматтарды аткарат. Айыл чарба министрлигине караштуу ишканалар да иштеп жатат. Алар дагы чарбалык кызматтарды аткарбайт».

Мекеменин маалыматына караганда, менчиктештирүү программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан дагы бир объект – «Альфа Телеком» ишканасы. 2023-жылдын 11-октябрында компаниянын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлүп, аны «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» 14 млрд 800 млн сомго сатып алды.

Аталган мекеменин Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Жоробеков быйыл башка жылдарга салыштырмалуу түшкөн кирешенин көрсөткүчү жогору экенине ишендирди.

«Быйылкы жылдын 10 айлык жыйынтыгы менен башка жылдарга салыштырмалуу жетишкендерди көрсөтүп жатабыз. Бул мамлекеттик мүлктү эффективдүү башкаруунун натыйжасында болуп жатат. Башка жылдарга салыштырсак, мамлекетти ишканалардын таза пайдасы быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 3 млрд сом болду. Былтыр 2,3 млрд сом болгон. Ал эми 2021-жылы 2,2 млрд сомду түзгөн. Ошондуктан быйылкы жылдын көрсөткүчтөрүн мактанарлык десем болот».

Мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кара-Балта шаарында жайгашкан мурдагы килем комбинатынын административдик имаратына жанаша жайгашкан жер тилкеси сатылган эмес.

Мындан тышкары «Каприз» ЖЧКсы жана «СК Ресурс» ЖЧКлары аукционго коюлган.

Анын ичинен «Каприз» ЖЧКсынын 8,34%ы мамлекеттин үлүшү. Ал эми «СК Ресурс» ЖЧКсынын 70%ы мамлекеттик үлүш.

Copyright © 2017 Maral FM