Биз менен байланышыңыз

«Жашыл экономика». Күн нурун пайдаланууга кызыгуу артты

Экономика | 16 Ноя 2023 | 708 | 0

Кыргызстандагы жеке ишкерлер энергия алуунун кошумча булактарын өнүктүрүүгө басым жасап жатат. Өлкөнүн бул багыттагы потенциалын иштетүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы кызык.

Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика комитетинин төрагасы, KAZECO компаниясынын башкы директору Кубанычбек Алимов Бишкекте өткөн «Жашыл экономика» форумунда айтты.

Жашыл энергетика бүгүнкү күндөгү көптөгөн энергия булактарына эң жакшы альтернатива болуп саналат.

«Быйыл аймактык форум болду. Себеби коңшу мамлекеттерден адистерди чакырдык. Энергиянын кошумча булактарын пайдаланууда Казакстан алдыга кеткен, Өзбекстан альтернативдик энергетиканы активдүү өнүктүрүүдө, алар бул тармакта 7,5 миллиард долларга долбоорлорду ишке ашырууда. 2023-жылдын 1-апрелинде Өзбекстанда “Күн үйү” программасы башталган. Анын максаты — жашоочуларды жеке үйлөргө кубаттуулугу 50 кВт чейин күн батареяларын орнотууга үндөө болуп эсептелет.

Ошол үчүн биз коңшулардан тажрыйба алалы деп форумга чакырганбыз. Кыргызстанда да ушул тармактагы долбоорлорду каржылоого басым жасалат. Жеке сектордун да кызыгуусу чоң» , — деди Кубанычбек Алимов.

Эл аралык уюмдар «жашыл энергияга» каржы бөлүшөт

«Жашыл экономика — 2023» форуму Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактагы жашыл чечимдерди талкуулоо жана издөөгө аянтча болду. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан энергиянын кошумча булактарын алуу менен алектенген тажрыйбалуу ишканалардын өкүлдөрү келди.

Форумда сөз сүйлөгөн Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өлкө боюнча директору Виктор Ветцел жогоруда айтылгандарды тастыктап, Кыргызстанда жаңы жашыл технологияларды колдонууга, аны жайылтууга кызыкдар болгон жигердүү жеке сектор бар экенин айтты. Бул багыттагы долбоорлорду каржылоого басым жасалары маалым болду.

«Биздин үч тараптуу кызматташтыктын алкагында жашыл технологияларды, жаратылышка негизделген чечимдерди жана башка артыкчылыктарды киргизүүнү мындан ары дагы колдойбуз» – деди Виктор Ветцел.

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүчү долбоорлорду каржылоого басым жасай турганын уюмдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева айтты.

«Экономиканы жашыл жана туруктуу багытка өзгөртүү олуттуу инвестиция талап кылат. Мамлекеттик сектор бардык каржылык муктаждыктарды канааттандыра албагандыктан, өкмөттөр жеке сектордун катышуусу үчүн туура стимулдарды түзүшү керек. БУУӨП өкмөт жана банктар бирдиги менен биргеликте «жашыл» каржылоо жаатында демилгелерди ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат, алар «жашыл артыкчылыктарды» ишке ашырууну тездетет» , — деди ал.

Казакстандык компания Кыргызстанда ишкана ачууга кызыкдар

Казакстандык Solar Way-A компаниясынын негиздөөчүсү Абдулла Юсупов Кыргызстандан өнөктөш табууга кызыкдар. Бул компания 2018-жылдан бери иштейт жана Өзбекстанда да ачылган. Эми жаңы тажрыйба издеп Кыргызстандын күн энергетика тармагына кызыгууда. Себеби ал айткандай, акыркы убакта күн панелдерин иштетүү боюнча кыргызстандык ишкерлерден кайрылуу көп түшкөн.

«Биздин өлкөлөр өтө алыс эмес жайгашкан. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан баарында күн энергетикасын пайдаланууда өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өзгөчө түштүк аймактарда бул тармакты өнүктүрүү керек. Энергиянын кошумча булактарын пайдалануу эмнеге маанилүү? Өзүңөр билгендей, биздин аймакта суунун тартыштыгы бар. Эгер энергиянын кошумча булактарын пайдалансак жаз, жай, күз мезгилинде гидроэнергетиканы үнөмдөсө болот. Мисалы, Өзбекстан газды үнөмдөйт. Биз ушул форумда өнөктөш карап, таанышып, эгер тажрыйбасы бар ишканалар болсо кызматташууга кызыкдарбыз. Эгер мыйзамдык база жана башка талаптар туура келсе биргелешкен ишкана ачууну ойлонуп жатабыз».

Кыргызстан 2008-жылы «Энергиянын кошумча булактары жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Сырттан келген инвесторлор укуктук базанын кандай иштешине маани беришерин белгилешти.

Өлкөдө энергиянын кошумча булактарын пайдаланган ишкерлердин бири Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Жыргал Өмүракунова. Ал туризм тармагында 10 жылдан бери иштейт. Ат-Башыда 3200 метр бийиктикте жайгашкан «Көл-Суу» туристтик багытын ачкан. Бүгүнкү күндө ал жерде конок үйүн иштетип, 5 киловатт сааттык күн панелдерин орнотуп, электр энергиясын алууда.

«Он жыл мурун тоонун башында жалгыз мен эле бизнес кылсам, бүгүнкү күндө 10 чакты ишкер боз үй шаарчаларын куруп жатат. Мен боз үй шаарчасынан конок үйүнө өткөм. Былтыр 5 киловаттык күн панелдерин орноттук. Андан тышкары, 300 литрлик сууну ысыткан күн коллекторунан алып жатабыз. Ошентип, биздин боз үй шаарчабыз жана конок үйүбүз жашыл энергияны туруктуу пайдаланууга өттү. Азыр 24 саат электр энергиясы менен камсыз болуп, суу насостору иштейт. Чайыбыз кайнап жатат. Бул тоонун бащындагы ишкердик үчүн абдан чоң жетишкендик» , — деди ишкер айым.

Жыргал Өмүракунованы көрүп башка ишкерлер да энергиянын табигый булактарын колдонууга өтө башташкан. Ишкерлер жашыл энергетикага өтүү оңой эмес экенин, бирок эл аралык долбоорлорго катышып, каржы утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышат.

Өкмөттөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу талабы

Ошол эле учурда ишкерлер жашыл экономикага өтүүдө бир топ тоскоолдуктарды белгилешет. Негизгилери — салыктык жеңилдиктер керек. Мындан тышкары, компетенттүү кадрлардын жоктугу да көйгөй. Ошол себептен «жашыл экономикага» өтүү узак процесс жана Кыргызстан үчүн бул жаңы багыт.

Экономика жана коммерция министрлигинде учурда «жашыл таксономия» деп аталган маанилүү документ иштелип чыгууда. Министрликтин Стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Эрмек Ашыров айткандай, жашыл экономиканы аныктай турган ченемдерди Экономика министрлигиндеги адистер, эксперттер иштеп чыгууда.

«Жашыл таксономия» деген эмне? Кыскача айтканда, бул классификатор. «Жашыл» долбоор деп жатабыз, бирок аны кантип аныктайбыз, демек бизге классификатор керек. Бул дүйнөлүк стандарт. Буюрса, жыл аягында же келерки жылы документти коомдук талкууга чыгарабыз. Биринчи этапта төрт багыт камтылат. Энергетика, айыл чарба, транспорт жана төртүнчү багыт учурда  такталууда» , — деди Эрмек Ашыров.

Кыргызстан 2050-жылга чейин парниктердин абага бөлүнүп чыгуусун акырындык менен кыскартуу милдетин алган. Жашыл экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизи деп белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM