Биз менен байланышыңыз

Онлайн казинолордун ишмердүүлүгү ооздукталат

Коом , Экономика | 15 Ноя 2023 | 599 | 0

Кыргызстанда онлайн казино иштетүүгө тыюу салуу сунушталды. Депутаттардын айтуусунда, онлайн казиного көбүнчө жаштар тартылып, оңой акча табуу максатында ойноп жатышат. Ал эми Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов буга чейин өлкөдө онлайн казино ачууга эки лицензия гана берилгенин билдирди. Аталган министрлик лицензиясы жок бардык онлайн казинолорду жабууну пландап жатат. Ал эми депутаттар онлайн оюндарды көзөмөлдөө өтө кыйын экенин айтып чыгышты.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Айсаркан Абдибаева өлкөдө иштеп жаткан онлайн казинолордун иштешине тыюу салууну сунуштады.

Ал учурда онлайн казиного көбүнчө жаштар азгырылып, коомго пайда эмес зыян алып келип жатканын белгиледи.

«Онлайн казино боюнча сунуш берет элем. Башка өлкөлөрдө «ТикТоктор» жабылып жатат. Бизде эмне үчүн онлайн казино жабылбайт. Биздин элге бир гана зыян алып келип жатат. Пайдасын чет жактагы байлар, оюндун ээлери көрүп жатат. Ал эми Кыргызстанга салык да төлөбөйт. Катталган дагы эмес. Ал эми зыяны көп болуп жатат. Себеби жаш балдар ойноп жатат. Башка мамлекеттер «ТикТокту» киргизбей жатышат. Биз эмне үчүн жаба албайбыз?».

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Кыргызстанда 1xBet букмекердик кеңсесинин лицензиясы чакыртып алынып, ишмердигине тыюу салынганын билдирди.

Мындан сырткары ал мыйзамсыз иш алып барган онлайн оюн-зооктор жоопко тартыларын белгиледи.

Ошондой эле ал министрлик лицензиясы жок бардык онлайн казинолорду жабууну пландап жатканын айтты.

«Бинардык опциондор, брокердик мыйзамсыз кумар оюндары ойнотулуп жатат. Ички иштер министрлиги менен ыкчам топ түзүлүп, мыйзам ишкердикке бөгөт коюлуп келет. Биз онлайн казинолорго карата көзөмөлдү күчөтүп жатабыз. Мыйзам долбоорун даярдап алдыңыздарга келдик. Кандайдыр бир сунуш-пикирлер болсо, чогуу талкуулайлы».

Депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүнкү күндө онлайн казинонун бир канча түрү чыгып жатканын айтты.

Кадырбеков мындай оюндарга көбүнчө карапайым эл алданып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал онлайн казинолордун ишин токтотуп, көзөмөлдү күчөтүү керектигин сунуштады.

«Аттары ар түрдүү. Финансылык брокер деп да чыгып жатат. Алардын баары онлайн казино. Же айырмасы барбы? Алдап, башты айландырып акчасын алмай. Бүт карапайым элдин канын соруп жатат. Анча мынча акчага муктаж болгондор кире калат экен. Бир жерге топоп алып, көзөмөлдөйбүз деген бул мамлекеттин алсыздыгы. Булар чачылса дагы, жердин алдына кирип кетсе да, эшигин бекитип алса да таап көзөмөлдөш керек. Болбосо бир облустун курамына 40 районду бириктирип коелу, көзөмөлдөш оңой болот».

Дагы бир эл өкүлү Эмил Токтошев онлайн казинолорду көзөмөлдөө өтө кыйын экенин белгиледи. Себеби алардын ээлери чет өлкөлүктөр.

Токтошев аларды жоопко тартуу үчүн Кылмыш жаза кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

«Бизде азыр онлайн автоматтар толуп кетти. Көптөгөн жарандарыбыз алданып, канчалаган каражаттарды уттуруп жатышат. Кайра кайтарып алалбай жатышат. Сотко да кайрыла алышпайт. Себеби кызмат көрсөтүү бүт чет жакта орношкон. Бул жагын кантип көзөмөлдөп, тыя аласыздар? Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иш алып баруу керек. Канчалык көзөмөлдөй аласыздар? Анан жазасы кандай болот? Ал үчүн Кылмыш жаза кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизүү керек».

Дагы бир депутат Эрулан Көкүлов кумар оюндарын көрсөткөн бул букмекердик кеңсени улуттук көкбөрү оюнунда жарнама кылганы үчүн сынга алды.

Бул талкуу Жогорку Кеңеште «Кыргызстанда оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоор каралып жатканда болду. Жыйынтыгында депутаттар документти биринчи окууда колдоп беришти.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, буга чейин өлкөдө онлайн казино ачууга эки лицензия гана берилген.

Булар «Пальмиум» ЖЧКсы жана «Интернет Технологиес Венице» ЖЧКсы. Алар азырынча иштебейт.

Министрлик лицензиясы жок бардык онлайн казинолорду жабууну пландоодо.

Copyright © 2017 Maral FM