Биз менен байланышыңыз

Адис эгиздерине кол көтөргөн эне тууралуу: «Стресстен улам болушу мүмкүн»

Коом | 9 Ноя 2023 | 1535 | 0

Эки жашар наристесин сабаган келиндин окуясы үч күндөн бери социалдык тармактарда талкууланууда. Бул ишти Ош ОИИБ көзөмөлгө алып, балдарын сабаган келин эки айга убактылуу камалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул зомбулук фактысы коомчулукта кызуу талкууланып, адистердин да көңүлүн бурду.

Эгиз кыздарды уруп жаткан видеотасма качан жана ким тарабынан  тартылганы тууралуу, келиндин үй-бүлөсү жөнүндө  маалымат азыр тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу Ош ОИИБнан маалмат берген жок. Милицияга  жаш келинге карата эч ким арыз жазган эмес, интернетке желедей тарап кеткендиктен териштирүү үчүн каттоого алынган.

«Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө балдарды уруп жаткан келин Араван районунун  21 жаштагы аттуу тургуну экендиги аныкталган. Келин 2 жаштагы эгиз кыздары заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген».

Топтолгон материалдардын негизинде эгиздердин апасына  138-берене (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 2 айга камакка алынды.

Ал эми психолог Жакшылык Жыргалбеков ата-эне өзүндөгү психологиялык өзгөрүүнү тушүнбөй балдарына агрессия көрсөтүп кол көтөрүшү мүмкүн дейт. Көпчүлүк учурда адамдын өзүнө билинбейт. Бирок, байкалган учурда зарыл түрдө психологго кайрылуу зарыл, анткени ар бир адамдын маселеси ар башка болот. Ошондой эле, төрөттөн кийинки депрессия да, аял кишинин маанайынын өзгөрүшүнө алып келет. Аны эркелик деп санагандар жаңылышат.

«Окуяга ал келин менен баарлашпай туруп кандайдыр бир бүтүм чыгаруу кыйын. Бирок, бул агрессия стерссттин негизинде балдарын уруга барышы мүмкүн. Ал эми стресс болсо жашоо-шарттан, жакындарынын көйгөйлүү ң мамилелеринен улам, келин өзүнүн эмоциясын түшүнбөй  ушундай кадамга барып алышы мүмкүн. Төрөрттөн кийинки депрессия бар, ал да аялдын маанайына, психологиялдык абалына таасир этет.  Аны жакындары туура түшүнүү керек. Жөн эле эркелелик деген түшүнүк туура эмес, себеби аял кишинин жашоосу мурдагыдай эмес, гормондор өзгөрөт. Адамда комплекстттер болушу ыктымал. Бул учурда жакындардын түшүнүүсү, колдоосу маанилүү»,-дейт психолог.  

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, укуктук баа берүүгө  болбойт. Себеби, ал  балдардын алган жаратынын негизинде айтылат. Укук коргоочу айымды балдарын сабаган келиндин эрте турмуш куруп жана экинчи турмушка эки баласы менен аз убакытта чыккандыгы ойго салганын айтат.

«Жаш келиндин камалышы боюнча туура же туура эместигин айта албайм. Себеби, кеп балдардын денесине канчалык зыян келди ошону билүү керек.  Себебин  экспертиза аныктайт. Ооруканада деп айтып жатышат, эки жашар балдарды урган туура эмес. Бирок, мен башка нерсени айткым келип жатат. 21 жаштагы келиндин эки жашка чыгып калган балдары болсо демек, турмушка эрте чыккан. Эки баласы менен экинчи турмушна берген ата-энесинин кылыгына таң калудамын, кыздардын атасы кайда, айтоор суроолор көп».

Учурда кичинекей кыздардын алган жаракаттарын жана психикалык абалын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешелүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM