Биз менен байланышыңыз

Алгочонова: ИИМдин Академиясына тапшыргандар атайын комиссиядан өтүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Ноя 2023 | 536 | 0

ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын полковниги Гүлайым Алгочонова “Маралдын” эфиринде маек куруп, окуу жайга кабыл алуу эрежелери тууралуу айтып берди.

“Жыл сайын абитуриенттер ЖОЖдорго тапшыргандай эле ЖРТнын жыйынтыгын күтүп жүрө беришет. Бирок бизде ага чейин келип, атайын комиссиядан өтүшү керек. Ошону билбей тесттин жыйынтыктары жакшы болуп, бирок комиссиядан өтпөй калгандар көп. Андан тышкары апрель айында Кыргызстандагы окуу мекемелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”, — деди Алгочонова.

Анын айтымында, окуу жайда атайын электрондук китептер колдонулуп, студенттердин баалары онлайн платформага чыгып турат. Бул платформа аркылуу ата-эне үйдө отуруп баласынын көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөп турса болот.

“Окуу жайдын өзүнүн күн тартиби бар. 1-курстун студенттери бир жыл казармада болушат. Эрте менен 6:00дө туруп, атайын бөлүнгөн жерлердин тазалыгын карашат. 1-2-курстардын түшкү тамактары каралган. Сабактарынан сырткары дене тарбиясына тиешелүү ар кандай ийримдерге катышса болот. Андан тышкары ар бир майрамды активдүү өткөрүп, студенттерди сыртка музейлерге, концерт жана иш-чараларга алып барганга аракет кылабыз”, —  деп кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM